Мечиттеги жардыруу тууралуу милицияга кабарлаган жаран кармалды

© flickr.com / Håkan DahlströmУюлдук телефон кармаган адам. Архив
Уюлдук телефон кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иликтөө иштеринин натыйжасында укук коргоо органдары Жалал-Абаддын 25 жаштагы тургунун колго түшүрдү.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. "Мадина" базарындагы мечитте жардыруу болот деп Бишкек ШИИБине телефон чалган жаран колго түшүрүлгөнүн аталган мекеме билдирди.

Диспетчер жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россия жарандыгын алуу үчүн мектептеги бомба жөнүндө жар салган кыргызстандык кармалды
Маалыматка ылайык, кечээ, 31-январь күнү бегисиз бирөө милицияга телефон чалып, "Мадина" базарындагы мечитте 1-февралда саат 13.00дө жардыруу болорун айткан.

Ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында аталган кылмышка шектелип Свердлов РИИБнын кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун 25 жаштагы Элбек аттуу тургуну кармалган. 

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0