Москвада өрттөн каза болгон КР жарандарынын сөөгү бир айдан кийин келет

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМосква шаарында тигүү цехинде чыккан өрттөн кийин.
Москва шаарында тигүү цехинде чыккан өрттөн кийин. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул убакыт аралыгында кырсыктан көз жумгандардын сөөгү экспертизадан жана тийиштүү процедуралардан өтөт. Учурда каза болгон жана жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүү боюнча иш-чаралардын тизмеги бекитилди.

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Москва шаарында тигүү цехинде чыккан өрттөн каза болгон мигранттардын сөөгү Кыргызстанга бир айдын аралыгында алып келине турганын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Москвадагы тигүү цехинде чыккан өрттөн КР жарандары каза болду. Күбөнүн тарткан видеосу
Үстүбүздөгү жылдын 30-январында Москвадагы цехте өрт чыгып, 12 киши каза болгон. Анын сегизи Кыргызстандын жараны болсо, экөө Россиянын жарандыгын алган этникалык кыргыз жана эки өзбекстандык жаран экени белгилүү болду. Каза болгондордун аты-жөнү такталып, аларды таануу үчүн жакындары изделип жатканы айтылган. 

Учурда кырсыкка байланыштуу Москва шаарында вице-премьер Гүлмира Кудайбердиева жүрөт. Каза болгон жана жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүү боюнча иш-чаралардын тизмеги бекитилди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Москванын Тергөө башкармалыгы менен тыгыз иш алып барууда. Каза болгондордун Форма-1 документтери россиялык тарапка берилди. Сөөктөр Кыргызстанга тийиштүү экспертиза жана процедуралардан өткөндөн кийин жөнөтүлөт. Буга бир ай убакыт талап кылынары белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0