The Planet порталы Кыргызстанды сүйүп калуунун 10 себебин жазды

© Влад УшаковКыргызстандын тоолору. Архив
Кыргызстандын тоолору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Блогер өз макалаларында Кыргызстандын асман тиреген тоолору, аны кызыктырган нерселер жана өлкөнү кыдырып жүрүп эсте калган окуяларын баяндаган.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. The Planet туристтик интернет-порталы "Кыргызстанды сүйүп калуунун он себеби" аттуу макала жарыялады.

Аны жазган Клэр Робинсон саякаттоо жөнүндө сайттардын бирин негиздеген. Ал өз макаласында Кыргызстандын асман тиреген тоолор менен курчалганын, кээ бир аймактарын "адам буту баса электигин" жазат.

"Мен саякат учурунда көп нерсеге кабылдым. Аларды дайыма эстеп жүрөм. "Кыргызстанды сүйүүнүн он себебин" силер менен бөлүшкүм келет", — дейт Робинсон.

Кыргызстан чет элдик саякатчынын эсинде ушундай калган:

Stunning flawy shapes in the red sandstone in the Skazka Fairy Tale Canyon in #Kyrgzystan #travel

Фото опубликовано ZigZag On Earth (@zigzag_on_earth) Окт 27 2015 в 8:05 PDT

"Жомок" каньону. Бул жерден Ысык-Көлдүн түштүк тарабынан чыныгы жаратылыш эстеликтерин кезиктиресиз. Бир караганда ал байыркы сарайларга окшош, деген пикири менен бөлүшөт.

Girls playing Kyrgyz guitars near the Burana Tower, #Kyrgyzstan - Local music and stunning scenery, perfect! --- #travel #music

Фото опубликовано ZigZag On Earth (@zigzag_on_earth) Авг 16 2015 в 12:35 PDT

Кыргыз музыкасын угуу керек. Борбор Азиядагы байыркы мунаралардын бири — Бурана. Саякатчылар комузда кол ойноткон кыздарды жана алардын мугалимин жолуктурушкан. Улуттук аспаптын табышмактуу добушу адамды өзүнө арбап турат, дейт Робинсон.

Had a great moment in #Kyrgyzstan : a group of #horses running through the Altyn Arashan valley --- #travel

Фото опубликовано ZigZag On Earth (@zigzag_on_earth) Сен 4 2015 в 6:39 PDT

Алтын-Арашан. Бул аймак ысык булактары менен белгилүү. Каракол шаарынан 10 чакырым алыстыкта орун алган. Ат менен сейилдөө үчүн табылгыс аймак.

Гүлдүн аңкыган жыттарын аллергия болгонуна карабай жыттаган саякатчы анын бул дарты өрчүп кетерин билген. Ошого карабастан, таң эрте гүлдөр жайнаган талаадан күндүн чыгышын тоскон.

"Бир жумалык чүчкүрүү — гүлдүн аңкыган жытынан бир мүнөттүк кумар алууга татыктуу беле?", — деп суроо салат ал. 

Karakol market in #Kyrgyzstan: that's one way of getting the sheep to move… --- #travel #market #Asia

Фото опубликовано ZigZag On Earth (@zigzag_on_earth) Авг 18 2015 в 3:14 PDT

Караколдогу мал базарда жүргөндөргө көз салуу да кызыктуу. Ар жекшемби күнү шаарга башка аймактардан келген соодагерлер, жашоочулар чогулат. Жергиликтүү тургундардын соодалашуусу өзүнчө бир сонун көрүнүш. Бул саякатчыларга абдан кызык, деп жазат блоггер.

Nomads' yurts near Song Kul Lake, #Kyrgyzstan --- #travel

Фото опубликовано ZigZag On Earth (@zigzag_on_earth) Сен 12 2015 в 7:31 PDT

Жолубузду уладык, бизди Жети-Өгүз тосуп алды. Бул жер Каракол шаарынан 28 чакырымдай алыстыкта жайгашкан. Мен ага чыкканымда ал ажыдаар капчыгайына окшош экенин байкадым. Абдан кооз!

Соң-Көлдөгү боз үйгө түнөө — бул керемет! Бул көл 3016 метр бийиктикте орун алган. Айланадагы кулак кескендей жымжырттык жана айлана-чөйрөнүн кооздугу көз жоосун алат.

#Horses grazing at #sunset near Song Kul Lake, #Kyrgyzstan --- #travel

Фото опубликовано ZigZag On Earth (@zigzag_on_earth) Сен 5 2015 в 11:48 PDT

Кыргыздар жылкы баласына абдан маани беришет. Айыл жеринде кишилердин байлыгы мал менен бааланат. Мен жүздөгөн аттардын жайылып, оттоп жүргөнүнө күбө болдум.

Айланага көз салып, жаратылышка суктанганга эмне жетсин. Туристтердин көбү белгиленген жерлер менен гана жүрөшөт. Көз жоосун алган жерлерди кыдырууга неге болбосун.

An incredible moment in #Kyrgyzstan: crossing path with nomads & their animals on a mountain pass covered with snow! --- #Travel

Фото опубликовано ZigZag On Earth (@zigzag_on_earth) Авг 26 2015 в 4:22 PDT

Тоонун кууш жолундагы үйүр жылкыны кездештирдик. Бул учурду такыр унутпайм. Эки тоонун ортосунан үйүр жылкы менен уйларды күтүүсүз кездештиргенде кандай сезимдер болгонун айтып бере албайм, деп өзүнүн толкунданганын окурмандар менен бөлүшөт Клэр Робинсон.

Жаңылыктар түрмөгү
0