Бишкекте ысык суу менен жылуулук бериле баштады

Жазылуу
Негизги түтүк бүгүн түнгө чейин оңдолору айтылып, жылуулук менен ысык суу башка түтүк аркылуу берилип жатканы белгилүү болду.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Бишкектин үйлөрүнө жылуулук жана ысык суу бериле баштаганын "Электр станциялары" ишканасы билдирди.

Буга чейин шаардык ТЭЦтеги түтүктүн жарылышынан улам борбор калаанын айрым бөлүгүн ысык суусуз жана жылуулуксуз калган.

"Ысык суу менен жылуулук үйлөргө башка түтүк аркылуу бериле баштады", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, негизги түтүк бүгүн түнгө чейин калыбына келтирилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0