Милиция дүкөнчүнү тоноп кеткендерди кармоо үчүн курал колдонду

© Sputnik / Табылды КадырбековТапанча кармаган милиционер. Архив
Тапанча кармаган милиционер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышка шектүү жарандар кармоо учурунда милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөн.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Шаардын ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери соода павильонун тоноп кеткендерди кармаганын ИИМ билдирди.

Тосмо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин борборундагы жарандын атылышы боюнча окуянын чоо-жайы белгилүү болду
Маалыматка ылайык, 4-февраль күнү Чүй проспектисинде жайгашкан дүкөнгө бет кар кийген бир нече жаран кирип, сатуучуну коркутуп сегиз миң сомун алып кетишкен. 

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери көчөдөн кылмышка шектүү жарандарга окшош балдарды токтотушкан. Бирок алар каршылык көрсөтүп, качып кетүүгө аракеттенишкен. Милиция эскертүү үчүн курал пайдаланууга мажбур болуп, ок асманга атылган.

Мындан улам 18 жаштагы үч жаран колго түшүрүлгөн. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0