Facebook Тайвандагы кырсыктан кийин "коопсуздук" кызматын ишке киргизди

© REUTERS / Наталья Селиверстова"Фейсбук" социалдык тармагы. Архив
Фейсбук социалдык тармагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Коопсуздук" кызматы аркылуу Facebook колдонуучулары аман экендиктерин кабарлай алышат. Мындай программа Тайвандагы силкинүүдөн кийин ишке берилгени тууралуу Марк Цукерберг билдирди.

БИШКЕК, 6-фев. – Sputnik. Facebook социалдык тармагына "Коопсуздук" кызматы Тайвандын түштүгүндө болгон жер титирөөдөн кийин ишке киргизилгендиги тууралуу Марк Цукерберг жеке баракчасына жазып чыкты.

Эске салсак, Тайвандын түштүгүндөгү Тайнан шаарында 6-февралдын таңында күчү 6,4 баллга жеткен силкинүү болуп анда алты адам каза таап, 378 жаран ооруканага жеткирилген. 

"Тайвандагы жер силкинүүдөн кийин Facebook социалдык тармагына "Коопсуздук" кызматын ишке киргиздик", — деп билдирет Цукерберг. 

Буга чейин "Коопсуздук" кызматы ноябрь айындагы Нигерияда болгон жардыруудан кийин ишке киргизилип, Париждеги терракттан улам жаңыланган. 

"Коопсуздук" кызматы аркылуу Facebook колдонуучулары аман калгандыктарын билдире алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0