Twitter терроризмге каршы күрөшүүдө 125 миң колдонуучунун жолу бууду

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүTwitter социалдык тармагынын сайты. Архив
Twitter социалдык тармагынын сайты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ бийлиги америкалык Microsoft, Apple, Facebook, Google, Twitter, Yahoo и LinkedIn компаниялары менен терроризмге каршы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Twitter социалдык тармагынын жетекчилиги терроризм менен күрөшүү кампаниясынын алкагында 125 миңден ашуун колдонуучунун баракчасы токтотулгандыгы тууралуу билдирүү таратты. 

"2015-жылдын орто ченинен баштап террористтик коркунуч туудурган жана аны пропагандалаган 125 миңден ашуун колдонуучунун каттосун токтоттук", — дейт билдирүүдө. 

Буга чейин АКШ бийлиги, күч органдары жана атайын кызматтын өкүлдөрү америкалык чоң интернет компаниялары менен жолугушуп, интернет тармагында терроризмге каршы туруштук берүү темасын талкуулашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0