Окуучулар жасаган ракета, учак жана автоунаа. Жалал-Абаддагы жөндөмдүү балдардын жумалыгы

Жазылуу
Жалал-Абад облусунда жөндөмдүү мектеп окуучулары ракетадан баштап автоунаанын макетине чейин жасап, аларды көрөрмандардын назарына сунуштады. Бул иш чара дүйшөмбү күнү башталып бир жумага чейин созулат.

Толук айылында жашаган окуучу шприц менен иштеген экскаватор жасап алды
Өспүрүмдөрдүн илимий-техникалык чыгармачылыгын инновациялык иш аракеттерин натыйжалуу өнүктүрүү максатында өтүп жаткан республикалык "Илим, техника жана өндүрүш" жумалыгына облустун бардык райондорунан келген жүздөгөн окуучулар катышууда.

Окуучулардын колунан жасалган эмгектерге баам салган техникалык илимдердин доктору Абдиумаматкадыр Аширалиев бул балдардан келечекте күчтүү конструкторлор чыга турганын айтат.

"Балдардын жасаган макеттерин көрүп аябай кубандым. Эми биз бул балдарга ошол жасаган макеттери кандай жол, ыкма менен кыймылга келе турганын түшүндүрүп, жол көрсөтүшүбүз керек. Буюрса келечекте булардан мыкты конструкторлор чыгат", — деди ал.

6-класстын окуучусу 12 жаштагы Адамжан Саипов бул жумалыкка өзү жасаган машинасын алып келген. Анын дөңгөлөктөрүн жасоого атасы жардам берген. Окуучу автоунаасына "сникерс" деп ат койгонун, себеби, ал сникерс жегендей күч-кубаттуу болушун каалаган.

Аталган жумалык бир жумага чейин созулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0