БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Москва шаарындагы тигүү цехинде чыккан өрттөн күйөөсүн жана баласын жоготкон Айида аттуу жаран Кыргызстанга учуп кеткенин Москва шаарында иштеп жүргөн Жылдыз Осмонова билдирди.
Осмонованын айтымында, жакындарынан ажыраган келинге Москва шаарындагы кыргызстандыктар материалдык жардам чогултуп беришкен.
"Мекендештер Айидага кийим-кечеден сырткары 46 миң 528 рубль чогултуп беришти. Ал уулунун атын Тариэль деп коюптур. Алар капысынан эле Кыргызстанга учуп калышты. Андыктан чогултулган жардамды аэропортко барып тапшырдык", — деди ал.
Осмонова ымыркайдын төрөлгөнүнө 11 күн болгонун белгиледи.
11-февралда өрттөн каза болгон алты кишинин сөөгү Москва — Ош аба каттамы аркылуу Кыргызстанга алып келинди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан сөөктөрдү жеткирүү үчүн КамАЗ жана Нива үлгүсүндөгү унаа бөлүнүп, саат 07:50дө жүк Баткен облусуна карай багыт алган.