Бишкектин жаңы мэри 27-февралда шайланат

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэриясы. Архив
Бишкек шаарынын мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 27-февралында шаар тургундары жаңы мэрлүү болот. Азырынча үч талапкердин аты аталууда.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Бишкектин жаңы мэрин шайлоо процедурасы жана талапкерлер тууралуу маалымат менен Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан таанышсаңыз болот.

Шейшемби күнү Кубанычбек Кулматов ээлеген кызматынан кетип, анын милдетин учурда Айгүл Рыскулова аткарып жатат.

Шайлоо кантип жана качан өтөт?

Борбордук шайлоо комиссиясы жаңы шайлоону 27-февралга белгилегенин БШК төрагасынын орун басары Гүлнара Журабаева билдирди.

Шаардык кеңештин депутаты Валентина Лисниченконун айтымында, бардык талапкер өз программасын төрт фракциянын жыйынында жана шаар парламентинин комиссиясына сунушташы керек.

БШКнын маалыматы боюнча талапкер жогорку билимдүү, жетекчилик жумушта беш жылдан кем эмес иш стажысы болушу шарт. Мындан тышкары, сот жообуна тартылбаган адам болушу кажет.

Талапкерлерди КСДП, "Республика — Ата-Журт", "Ата Мекен", "Замандаш" фракциялары жана премьер-министр өзү да сунуштай алат. Башкача айтканда, талапкердин саны беш кишиден ашпашы керек.

"Республика — Ата-Журт" оппозициялык фракциянын депутаты Докеновдун айтымында, мэрдин дайындалышы бийликтин тандоосунан көз каранды. Ал эми шаар депутаттары кимди көрсөтсө ошону бекитип беришет. Мында бийлик бир нече критерийге таянат.

"Биринчиден, талапкердин кайсы партиядан экенине басым жасалат. Экинчиден, ноябрда өтүүчү шаардык кеңештин шайлоосу да бар. Мында анын жыйынтыгын жакшы чыгара турган мэр керек болот. Анын кесипкөйлүгү үчүнчү орунда гана каралат", — деди депутат.

Докенов шайлоо жабык өтүп, ага болжол менен 30 киши катышарын, 23төн кем эмес добушка ээ болгон талапкер мэр болуп шайланарын белгиледи.

Талапкерлер тизмеси

Өкмөттүн маалымат кызматы премьер-министр азырынча бул маселени карай электигин билдирди.

© Sputnik / Табылды КадырбековШаар парламентинин мурунку төрагасы, учурдагы ЖК депутаты Марат Аманкулов.
Шаар парламентинин мурунку төрагасы, учурдагы ЖК депутаты Марат Аманкулов. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Шаар парламентинин мурунку төрагасы, учурдагы ЖК депутаты Марат Аманкулов.
© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Манас" Эл аралык аэропортунун башчысы Албек Ибраимов.
2/3
"Манас" Эл аралык аэропортунун башчысы Албек Ибраимов.
© Sputnik / Табылды КадырбековУчурда мэрдин милдетин аткарып аткан Айгүл Рыскулова.
3/3
Учурда мэрдин милдетин аткарып аткан Айгүл Рыскулова.
1/3
Шаар парламентинин мурунку төрагасы, учурдагы ЖК депутаты Марат Аманкулов.
2/3
"Манас" Эл аралык аэропортунун башчысы Албек Ибраимов.
3/3
Учурда мэрдин милдетин аткарып аткан Айгүл Рыскулова.

Шаардык кеңештин депутаттары бир нече адамдын талапкерлиги каралып жатканын айтышууда. Алардын бири — шаар парламентинин мурунку төрагасы, учурдагы ЖК депутаты Марат Аманкулов. Экинчиси — "Манас" Эл аралык аэропортунун башчысы Албек Ибраимов.

Саясат таануучу Марат Казакбаев реалдуу талапкер катары Марат Аманкулов менен Айгүл Рыскулованы көрө турганын билдирди.

"Булардан тышкары Ибраимовду да түртүп жатышат", — дейт эксперт.

Марат Аманкулов ага азырынча эч кандай сунуш түшө электигин белгилеп, эгер түшүп калса макул болор-болбосун так айткан жок.

"Мен командада иштеп көнгөн адаммын. Эгер шаардык фракция айтса, аткарам", — деди Аманкулов. 

Албек Ибраимов менен азырынча байланышууга мүмкүн болгон жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0