Жалал-Абадда "Тартип" атту профилактикалык иш-чара өткөрүлүүдө

© пресс-служба УВД города Жалал-АбадЖалал-Абад облусунун милиция кызматкерлери окуу учурунда. Архив
Жалал-Абад облусунун милиция кызматкерлери окуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш чара 2016-жылдын 8-февралынан 23-февралга чейин Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда жүргүзүлөт.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Жалал-Абадда "Тартип" аталыштагы ыкчам алдын алуу профилактикалык иш-чарасы өткөрүлүп жатканын Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жарандар депутаттардан милицияны реформалоону талап кылууда
Маалыматка ылайык, иш чара 2016-жылдын 8-февралынан 23-февралга чейин Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда Жалал-Абад ШИИБдин, Сузак РИИБдин тартип сакчылары, жол-кайгуул кызматынын 200дөй милиция кызматкерлери, коомдук уюмдардын, массалык-маалымат каражаттарынын, кварталдык комитеттер менен элдик кошундардын 60тай өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүүлүүдө.

Профилактиканын башкы максаты — кылмыштуулуктун алдын алуу, аларды болтурбоо, кылмыштарын бетин ачуу, каттоодо турган жарандарды, соода түйүндөрүн, диний уюмдарды текшерүү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0