Бишкек мэрлигине талапкерлердин кыргыз тили боюнча билими текшерилет

© Фото / Нургазы ЧыныбековБишкек шаарынын мэриясынын имараты. Архив
Бишкек шаарынын мэриясынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каттоодон өтүү үчүн талапкерлер Бишкек шаардык шайлоо комиссиясына 19-февралга чейин керектүү документтерин өткөрүшү керек.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Төрт күндөн кийин, 19-февралда Бишкек мэрлигине талапкерлердин кыргыз тили боюнча билими текшерилет деп билдирди Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы.

Эске салсак, 9-февралда Кубанычбек Кулматов ээлеген кызматынан кетип, анын милдетин учурда Айгүл Рыскулова аткарып жатат. Жаңы мэрди шайлоо 27-февраль күнү өткөрүлөт.

"Бишкек шаардык шайлоо комиссиясы талапкерлер арасындагы кыргыз тили боюнча сынакты 19-февралда саат 10:00до өткөрөт", — деп айтылат маалыматта. 

Каттоодон өтүү үчүн талапкерлер Бишкек шаардык шайлоо комиссиясына 19-февралга чейин керектүү документтерин өткөрүү керектелет. 

Кулматов мэрликке 2014-жылдын башында шайланган. Ишмердүүлүгүндө негизги сын шаардагы таштанды жана жол маселелерине карата айтылганы маалым.

Жаңылыктар түрмөгү
0