Кыргызстандыктар "таяк тартышуу" боюнча чемпионатта алдына ат салдырган жок

Жазылуу
Мелдешке Кыргызстан жана Казакстандан 200 спортчу катышкандыгын уюштуруучулар билдирди. Алардын айтымында, кыргыздар кошуналарга биринчиликти берген жок.

"Таяк тартышуу" боюнча ачык чемпионат 19-20 февраль күндөрү Бишкек шаарында болуп өттү.

"Жалпысынан Кыргызстан жана Казакстандан 200 спортчу катышып, 11 салмактык категорияда таймаш жүрдү. Бардык беттештерде кыргызстандыктар жеңишке жетти. Жети салмактык категория мырзалар, ал эми төртөөсү кыз-келиндер арасында өттү", — деп билдирди уюштуруучулар.

Таяк тартыш — узундугу төрт, туурасы эки метр аянтта өткөн мелдеш. Эки оюнчу карама- каршы отуруп буту менен кырынан коюлган тактайды тээп, 50 сантиметр узундуктагы таякты эки колдоп кармап тартышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0