40 тонналык цистернадан чыккан өрт өчүрүлдү

© Актан ТемиркановӨрт өчүрүү кызматы цистернаны өчүрүп жатат.
Өрт өчүрүү кызматы цистернаны өчүрүп жатат. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Цистернанын күйүп жатканы тууралуу маалымат бүгүн эртең менен түшкөн.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Бишкектин Фучик көчөсүндө 40 тонналык май ташуучу цистернадан чыккан өрт толугу менен өчүрүлгөнүн ӨКМ билдирди.

Эскерте кетсек, өрт тууралуу маалымат өрт өчүрүү кызматына саат 6.20да түшкөн. Цистернада төрт тонна күйүүчү май бар экени айтылган. Жалынды өчүрүүгө төрт атайын унаа тартылганы белгилүү болду. 

Маалыматка ылайык, өрт толугу менен саат 11.20да өчүрүлдү. Кырсыктан эч ким жабыр тарткан эмес.

40 тонналык май ташуучу цистернанын өрттөнүүсүн Sputnik видеосунан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0