Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду мамлекетти 17 млн. сомдук зыянга учуратты

© flickr.com / Hans SplinterМонеталар. Архив
Монеталар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айылдар үчүн атайы сатылып алынган техника жең ичинен сүйлөшүүнүн негизинде "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын кызыкчылыгы үчүн иштеп келген.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун жетекчилери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзам бузуу менен 17 миллион сом киреше тапканын Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган фонддун жетекчилиги автосамосвал алуу үчүн тендер жарыялап, натыйжада Көл-Төр, Көк-Мойнок, Тоң жана Улахол айыл өкмөттөрү үчүн 9 миллион 424 миң сомго төрт унаа сатып алуу боюнча келишим түзүлгөн.

Салыктан жөө качып, мамлекетке 47 млн. сом зыян алып келген компанияга иш козголду. - Sputnik Кыргызстан
Салыктан "жөө качып", мамлекетке 47 млн. сом зыян алып келген компанияга иш козголду
Мындан соң, алынган техниканын теңи жергиликтүү кеңештин макулдугусуз жана тийиштүү эсептөөлөр жүргүзүлбөстөн "ТЛМГ" ишканасынын пайдалануусуна берилген.

Текшерүү учурунда аталган техника "Кумтөр Голд Компани" ишканасын тейлеп келгени аныкталган. Ал эми "ТЛМГ" компаниясына Тоң райондук администрациясынын жана айрым айыл өкмөттөрүнүн жетекчилери ээлик кылганы ырасталган. Мыйзамсыз аракеттерден улам аталган жарандар 17 миллион сом пайда көрүшкөн.

Бул факт боюнча "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0