Сариев Балыкчыда каза болгон аскердин үй-бүлөсүнө 100 миң сом бөлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр Темир Сариев. Архив
Премьер-министр Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ошол эле күнү октон жабыркаган дагы бир аскердин абалы учурда жакшы экени белгилүү болду.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Балыкчы шаарында каза болгон аскердин үй-бүлөсүнө 100 миң сом бөлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 18-февраль күнү Балыкчы шаарындагы 20636-аскер бөлүгүндө эки жоокер ок атуучу куралдан жаракат алып, шаардык ооруканага алып келинген. Эки кырсык ар башка убакытта катталып, бир аскер бутунан жаракат алса, экинчисинин башына ок тийген. Эртеси башынан жабыркаган аскер каза болуп калган. 

Каражат өкмөттүн резервдик фондусунан берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0