Кыргызстандын булуң-бурчунда китеп дүкөндөрү ачылууда

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүКитеп дүкөндөрү. Архив
Китеп дүкөндөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр жаңыдан ишке киришип жаткан дүкөндөрдө кыргыз китептери басымдуулук кыларын белгиледи.

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Кыргызстандын бардык райондорунда китеп дүкөндөр ачылып жатканын маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов билдирди. 

Эскерте кетсек, кечээ Касымалы Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин көчмө жыйыны өттү. 

Китептер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Касымалы Жантөшевдин "Каныбек" романы тууралуу жети факты
Анда Кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов борбордогу жалгыз "Нуска" китеп дүкөнүнүн абалын айтып, жаңыртып, кеңейтүү сунуштады. Ага жооп берип жатып министр учурда бардык райондордо китеп дүкөндөр ачылып жатканын айтты.

Жаңыдан ишке киришип жаткан дүкөндөрдө кыргыз китептери басымдуу бөлүктү ээлемекчи. 

Биринчи ирет өткөрүлүп жаткан көчмө жыйынга депутаттар Садык Шер-Нияз, Жанар Акаев, чыгармачыл союздардын төрагалары катышты. 

Бул жыйын эми ар бир айдын соңку дүйшөмбүсүндө өткөрүлүп турмай болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0