Сариев бүгүн АКШ элчисин кабыл алат

Жазылуу
АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни кызматка дайындалгандан бери Жогорку Кеңештин төрагасынын гана кабыл алуусунда болгон.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Бүгүн премьер-министр АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтнини кабыл ала турганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Азырынча жолугушууда кайсы маселелер талкууланары белгисиз. 

Үстүбүздөгү жылдын 9-февралында Гуолтни Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун кабыл алуусунда болуп, Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташуу боюнча жаңы макулдашуу жаатында өкмөттөр аралык иштер жүргүзүлүп жатканын билдирген. Ал эми кыргыз өкмөтү жаңы макулдашуу түзүү боюнча эч кандай маалымат жок экенин маалымдаган. 

АКШ желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШ Борбордук Азия өлкөлөрүнө россиялык агрессияга каршылык көрсөтүүсү үчүн акча бөлөт
Кыргызстан 2015-жылдын августунда АКШ менен кызматташуу боюнча макулдашууну бир тараптуу денонсациялаган. Буга өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровго Американын мамлекеттик департаменти "адам укугу жаатында жасаган эмгектери" үчүн сыйлык тапшыруусу себеп болгон.

Өткөн жылдын соңунда тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев денонсация АКШ менен жаңы мамилени түзүүгө алып келгенин жарыялаган. Анын айтымында америкалык тараптын аракети менен эки тараптуу мамилелерди турукташтырууга шарт түзүлгөн. ТИМ башчысы Кыргызстан тигил же бул маселе боюнча өз пикирин так жана айкын билдире баштагандыктан мамилелер оң нукка бурулуп бара жатканын белгилеген. 

Эскерте кетсек, Гуолтни элчилик кызматка өткөн жылдын жай айында дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0