КР спортчулары "Ушу жылдыздары" турниринен 21 медаль менен кайтышты

CC BY-SA 2.0 / Republic of Korea / Taekwondo_Camp_MND_02Кимоно кийген спортчулар. Архив
Кимоно кийген спортчулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандыктар мелдештин 15 түрү боюнча күч сынашты. Жалпы жонунан турнирге 17 өлкөдөн келген 700 спортчу катышкан.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кыргызстандан барган спортчулар Москвада өткөн "Ушу жылдыздары" аттуу мелдештен 21 медалга ээ болгонун Салттуу ушу федерациясы билдирди.

Турнир үстүбүздөгү жылдын 18-22-февраль күндөрү өттү.

"Кыргызстандан барган он спортчу мелдештин 15 түрү боюнча ат салышып, жети алтын, тогуз күмүш жана беш коло медаль алышты", — деп айтылат билдирүүдө.

Турнирге Россия, Норвегия, Польша, Израиль, Казакстан, Ливан, Иран, Египет сыяктуу 17 өлкөдөн 700 спортчу катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0