Ошто окуучулар Салтыков-Щедриндин чыгармасы боюнча спектакль коюшту

Жазылуу
Сатирик-жазуучу Салтыков-Щедриндин 200 жылдыгына карата Ломоносов атындагы №3 мектептин окуучулары "Пропала совесть" (Абийир жоголду) чыгармасынын негизинде спектакль тартуулашты.

Орус тили жана адабияты мугалими Айгүл Жылгелдиеванын айтымында, спектакль коюу демилгеси кокусунан пайда болгону менен балдар аны чоң кызыгуу менен кабыл алышкан.

Ошто куурчак театрынын сезону "Эр Төштүк" спектакли менен ачылды
Спектаклге 10 окуучу катышкан. Балдар өзүлөрү классикалык чыгарманы заманбап кылып өзгөртүүнү сунушташкан. Өз алдыларынча костюмдарды ойлоп таап, музыка тандап, эки жумада спектаклди даяр кылышкан. 

Аталган чыгарма мектеп программасына киргизилген. 

Орус жазуучусу, журналист Михаил Евграфович Салтыков-Щедрин 1826-жылы 27-январда Тверь губерниясынын Спас-Угол айылында жарыкка келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0