Эртең борбор калаада күн 24 градуска чейин ысыйт

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын жашоочулары. Архив
Бишкек шаарынын жашоочулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
25-февралдан 27-февралга чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү ыктымал.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Эртең 26-февралда борбор калаада күн 24 градуска чейин ысый турганын Кыргызгидромет билдирди.

Күндүн жылышынан улам аюулар чээнден чыга баштады
Маалыматка ылайык, Ош шаарында күн 23 градуска чейин ысыйт. Ал эми эң ысык аба ырайы Чүй өрөөнүндө болуп, күн 25 градуска чейин көтөрүлөт. Жалал-Абад, Ош жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында 24 градус ысыйт. Ысык-Көлдө +11 жана Нарында +7 градуска чейин жетет.

Кыргызгидрометтен эскерткендей 25-февралдан 27-февралга чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош (121-137, 198-265 чакырымдары), авто унаа жолунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Андыктар унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0