Премьер Бишкек мэринин кызматына эмнеге талапкер көрсөтпөгөнүн түшүндүрдү

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр Темир Сариев. Архив
Премьер-министр Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарынын башчысын шайлоо эртең, 27-февралга белгиленген.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Премьер-министри Темир Сариев Бишкек мэринин кызматына талапкер көрсөткөн жок. 

Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча, Сариев бул маселеде шаардык кеңештин депутаттарына жана фракцияларына көбүрөөк мүмкүндүк берүү зарыл деп эсептейт. 

Өкмөт башчы Бишкек мэриясы жана шаардык кеңеши ортосунда өз-ара түшүнүшүү мамилеси орун алып, калктын бакубаттуулугуна багытталган биргелешкен конструктивдүү иштер жүргүзүлө баштаганын белгиледи. 

"Биргелешкен ишти жана өз ара түшүнүшүү мамилесин чыңдоо максатында мэр жана шаардык кеңеш ортосунда конструктивдүү иш болушу үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүк берүү керек", — деди Сариев.

Өкмөт башчы шаардык кеңеш депутаттары борбордун өнүгүүсү жана калктын бакубат турмушу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр татыктуу талапкерди колдой турганына ишеним артты. 

Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 27-февралга белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0