Кыргызстан жана Россиянын президенттери кызматташуу маселелерин талкуулашты

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүПрезидент России Владимир Путин и президент КР Алмазбек Атамбаев во время встречи в Кремле.
Президент России Владимир Путин и президент КР Алмазбек Атамбаев во время встречи в Кремле. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өз кезегинде Алмазбек Атамбаев Россия президенти менен актуалдуу маселелерди сүйлөшүүгө мүмкүнчүлү болгонун билдирди.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Россия президенти Владимир Путин менен кечээ, 2-мартта Москва шаарында жолукту.Тараптар эки өлкөнүн соода-экономикалык маселелерин талкуулашты.

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүӨлкө башчы Алмазбек Атамбаев Россия президенти Владимир Путин менен кечээ, 2-мартта Москва шаарында жолукту
1/2
Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Россия президенти Владимир Путин менен кечээ, 2-мартта Москва шаарында жолукту
© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүТараптар эки өлкөнүн соода-экономикалык маселелерин талкуулашты.
2/2
Тараптар эки өлкөнүн соода-экономикалык маселелерин талкуулашты.
1/2
Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Россия президенти Владимир Путин менен кечээ, 2-мартта Москва шаарында жолукту
2/2
Тараптар эки өлкөнүн соода-экономикалык маселелерин талкуулашты.

“Биз буга чейин сүйлөшкөн эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык маселелерди чечип, чогу иш алып барууну улантабыз”, — деди Путин.

Анын айтымында Россия Кыргызстандын башкы соода-экономикалык өнөктөшү болуп саналат.

“Кыргызстандын ЕАЭБке кирүүсү менен эки өлкөнүн кызматташуусуна жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылды. Экономикалык көрсөткүчтөр кагаз бетинде гана эмес, карапайым калктын жашоо шартында да жакшырышы керек”, — деди Путин.

Өз кезегинде Алмазбек Атамбаев Россия президенти менен актуалдуу маселелерди сүйлөшүүгө мүмкүнчүлү болгонуна кубанычын билдирди.

“Биз бир гана соода-экономкалык эмес, стратегиялык өнөктөшпүз. Мен бул достуктун келечеги кең деп ишенем”, — деди Атамбаев.

Жолугушууга Россия тараптан Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров, Каржы министри Антон Силуанов, Энергетика министри Александр Новак жана Федералдык бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельянинов катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0