Сариев: быйыл өлкөнүн бардык мектептери Интернетке туташтырылат

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүНоутбук менен сабакта отурган окуучулар. Архив
Ноутбук менен сабакта отурган окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда өкмөт башчы бир күндүк иш сапары менен Нарын облусунда жүрөт. Анын алкагында премьер-министрдин бир катар иш-чараларга катышуусу каралган.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Быйыл өлкөнүн бардык жалпы билим берүү мекемелери Интернетке туташтырыла турганын премьер-министри Темир Сариев иш сапардын жүрүшүндө Нарын шаарындагы Борбор Азия университети (БАУ) менен таанышуу учурунда билдирди. 

Анын айтымында, учурда 700 мектепте Интернет иштейт. 

"Мындан ары ар бир мектеп окуучусуна Интернет жеткиликтүү болуп, окутуу процесси бир кыйла жеңилдетилет", — деди өкмөт башчы. 

Премьер-министр Ага хан фонду тарабынан каржыланып жаткан Борбор Азия университети жалаң гана Нарын облусунун эмес, жалпы Кыргызстандын өнүгүшүнө чоң стратегиялык салым кошорун белгиледи. 

"Бул университет алдыңкы окуу жайлардын катарын толуктоо менен бирге, эл аралык рейтингдерге катышууга мыкты мүмкүнчүлүгү болот. Аталган ЖОЖдун мисалында биз студенттер мыкты билим алуусу жана Кыргызстандын чегинде гана эмес, жалпы дүйнө жүзүндө талапка ылайыктуу адистердин чыгышы үчүн кандай шарттар түзүлүшү керектигин көрдүк", — деди Сариев.

Өкмөт башчы окуу программасы эл аралык стандарттар боюнча иштелип чыккан окуу жай 1200 студентке эсептелгенин, ЖОЖдун ачылышы менен 400 иш орду пайда болорун айтты. 

Нарын шаарындагы БАУ ар кыл мамлекеттердин студенттерге, атап айтканда, Казакстан, Тажикстандан келген студенттердин билим алуусуна өбөлгө түзмөкчү.

Өкмөт башчы учурда Нарын облусунда бир күндүк иш сапары менен жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0