Ошто 10 кг сымап сатып жаткан жаран колго түштү

© AFP / ERNESTO BENAVIDESКусок маленькой ртути в руке. Архивное фото
Кусок маленькой ртути в руке. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаар тургунунун сумкасынан табылган бөтөлкөдөгү зат химиялык экспертизага жөнөтүлгөн. Химиялык экспертиза анын сымап экенин аныктаган.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Ошто 10 килограммдан ашуун сымап алып жүргөн шаардын тургуну кармалганын Ош ОИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, 43 жаштагы жаран 3-март күнү кечке маал сымапты сатууга аракет кылган жеринен кармалган. 

Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 254-беренесиндеги ("Оор таасир этүүчү жана уулу заттарды сатуу максатында мыйзамсыз жүгүртүү") кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0