Кыргызстандык жаш хоккейчилер казак оюнчулары менен мушташты

Жазылуу
Бишкектин "Илбирс" командасы менен Шымкенттин "Армады" командаларынын жаш оюнчулары муз үстүнөн шайба талашып, ал мушташка чейин жеткенин Казакстандын ЖМКлары жазып чыгышты.

Хоккей боюнча "Азия дербиси" эл аралык турнирдин үчүнчү оюнунун акыркы мүнөттөрүндө эки команданын оюнчулары жакалаша кетишти. Бул мушташка запаста турган оюнчуларда чуркап чыгып катышышты.

Түнкү клубдардын биринде чачташкан бишкектик кыздар кармалды
Жаш оюнчуларды машыктыруучулары жана оюнга калыстык кылган Олег Левиков арачалады.

Оюндун жыйынтыгында бишкектик "Илбирс" командасы 4:3 эсеби менен жеңишти камсыз кылышты.

Кыргызстандык команданын машыктыруучусу Ринат Мустафаев мындай оюндарда командалар бири-бирине кыр көрсөтүү болорун айтат.

Хоккей боюнча "Азия дербиси" эл аралык турнири Казакстанда биринчи жолу өткөрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0