Бишкекте өзүн жардырам деп коркуткан жаран кармалды

Жазылуу
Аталган киши шаардын райондорунун биринде колго жасалган түзүлүштү жардыруу опузасы менен бир саат бою көчөдө турган.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Үй-бүлөлүк ыйкы-тыйкылардан улам өзүн жардырууну чечкен жаран кармалганын Sputnik Кыргызстан агенттигине шаардык милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, бейшемби күнү Абдрахманов менен Күрөңкөев көчөлөрүнүн кесилишинде эркек киши кийиминин алдында колго жасалган жардыруучу түзүлүш бар экенин, аны иштетип өзүн жардыра турганын айтып, бир сааттай турган. Милиция менен УКМК кызматкерлеринин биргелешкен аракетинин натыйжасында жаран колго түшүрүлгөн.

"Ал аялы менен ажырашканын, аны менен жолугууну каалап жатканын айтты. Муну менен бирге жумушу, акчасы жок экенин, жашоосу начарлап жатканын билдирди", — дейт милиция.

УКМК кармалган жарандан эч кандай жардыруучу түзүлүш табылбаганын белгиледи.

Учурда жаран Свердлов РИИБна жеткирилип, өздүгү жана окуянын чоо-жайы такталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0