УКМК чекистти өлтүрүүгө шектелген кишини 7 жылдан кийин тапты

Жазылуу
Атайын кызматтардын маалыматы боюнча, кармалган жарандын 2009-жылы УКМК кызматкеринин өлтүрүлүшүнө тиешеси бар.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү эл аралык издөөгө алынган уюшкан кылмыштуу топтун 28 жаштагы мүчөсү кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Кармалган жаран 2009-жылдан бери Горохов аттуу УКМКнын кызматкеринин өлтүрүлүшүнө тиешеси болгон үчүн эл аралык издөөдө жүргөн.

Козголгон кылмыш иштин алкагында тергөөнү Ички иштер министрлиги жүргүзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0