Бүгүн Аксы окуясынын 14 жылдыгы белгиленет

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын желегин көтөргөн жарандар. Архив
Кыргызстандын желегин көтөргөн жарандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Боспиек айылында Аксы окуясынын катышуучулары, райондун аксакалдары, бийлик өкүлдөрү чогулуп куран окулат.

БИШКЕК, 17-мар — Sputnik. Бүгүн Аксы окуясынын 14-жылдыгы белгиленет. Анда окуя орун алган Боспиек айылында Аксы окуясынын катышуучулары, райондун аксакалдары, бийлик өкүлдөрү чогулуп куран окулат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Аксы районунун акими Медет Айдаралиев билдирди.

Кыргызстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аксы окуясы элдин аң-сезиминде революция жасаган чечүүчү учур болду
Куран окулаган соң Кербен шаарында сый тамак берилип, Аксы окуясынын катышуучуларына президенттен, өкмөттөн, өкүлчүлүктөн бериле турган акчалай жардамдар тапшырылат. 

Аксы окуясынын 14-жылдыгын белгилөөгө Алмазбек Атамбаевдин катышуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

Аксы окуясы — 2002-жылдын 17-мартында Боспиек айылында болгон. Анда Аксы округунан депутат болуп шайланган Азимбек Бекназаровдун тарапташтары митингге чыгып, ал жерде алты адам каза болуп, 80ге чукулу жаран жаракат алган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0