Ошто 62 жаштагы аял түтүнгө ууланып каза болду

© Sputnik / Вадим Брайдов / Медиабанкка өтүүӨКМ кызматкери. Архив
ӨКМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чыккан өрт жарым сааттын ичинде толук өчүрүлгөн. Жабырлануучу Ош шаардык ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, каза болгон.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Ош шаарына караштуу Төлөйкан айылында жашаган тургундун үйүнөн өрт чыгып, түтүнгө ууланган аял каза тапты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 17-март күнү саат 13:42 чамасында 62 жаштагы тургундун үйүнөн өрт чыккан. 

Өрт куткаруу бөлүгүнүн кызматкерлери кырсык болгон жерге саат 14:08де жетип барып, өрт жалынын өчүрүшкөн. 

Түтүнгө ууланган үй ээси Ош шаардык ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, ооруканадан каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0