Алдын ала маалыматтар боюнча Стамбулда болгон жарылууда КР жарандары жабыркаган жок

© REUTERS / STRINGERВзрыв в Стамбуле недалеко от посольства КР
Взрыв в Стамбуле недалеко от посольства КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
19-мартта Стамбул шаарындагы жарылуудан беш киши каза болуп, 36 киши жаракат алганын жергиликтүү ЖМКлар билдирүүдө

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Алдын ала маалыматтар боюнча Түркиянын Стамбул шаарында болгон жарылууда КР жарандары жабыр тартпаганын Кыргызстандын консулу Руслан Молдакунов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

19-мартта Бишкек убактысы боюнча 14.55лөр чамасында Стамбулдун Истиклал көчөсүндө жарылуу болгон. Акыркы маалыматтар боюнча беш киши каза болуп, жаракат алгандардын саны 36га жеткенин Sputnik Turkiye маалымат агенттиги билдирүүдө.

Молдакуновдун айтымында, алдын ала маалыматтар боюнча жабыр тарткандардын арасында кыргызстандыктар жок.

"Жергиликтүү полиция жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок экенин айтууда. Биз дагы тактоо иштерин жүргүзүп жатабыз", — деди ал.

Жергиликтүү Жалпыга маалымдоо каражаттары билдиргендей, жан кечти өзүн жардырып жиберген. Жабыр тарткандардын ичинде экөө кичинекей бала болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0