КР паспортун мыйзамсыз алып, бизнес кылган чет элдик жаран камакка алынды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын жаранынын паспорту жана акча. Архив
Кыргызстандын жаранынын паспорту жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын паспортун аталган жаран Ысык-Ата районунан мындан төрт жыл мурун алган. Анын негизинде ири ишкана ачып, бизнес менен алектенип келген.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Мыйзамсыз паспорт алып, анын негизинде ири ишкана ачып, бизнес менен алектенген чет элдик жаран аныкталганын ИИМ билдирди.

Маалыматка ылайык, 2012-жылы аталган жаран Ысык-Ата районунан Кыргызстандын жарандыгына ээ болуп, Кытайдан товар ташуучу “Кыргыз Импекс Групп” ишканасын негиздеген. Андан кийин Мамлекеттик бажы кызматында убактылуу сактоочу кампа ачкан. 

Мамлекеттик каттоо кызматкеринин орун жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК: чет элдиктерге мыйзамсыз документ берип келген МКК кызматкери кармалды
Текшерүү учурунда аталган паспорт Өзгөн районунда башка жарандын атына берилип, жоголуп кеткен. Мындан тышкары, чет элдик жарандын үйүнөн Мамлекеттик коопсуздук кызматынын каза болгон генерал-лейтенантына курал алып жүрүүгө берилген уруксат кагазы менен ПМ-9 үлгүсүндөгү тапанча, РФ жарандыгын тастыктаган айдоочулук күбөлүк жана паспорт, ID-карта, улуттук үлгүдөгү эки чет элдик паспорт жана айдоочулук күбөлүк табылган. 

Аталган жаран Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, соттун чечими менен бир айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Ал "Документ жасалмалоо”, “Мыйзамсыз курал-жарак сактоо” беренелеринин негизинде айыпталууда. 

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0