Темир Сариев Аксыдагы митингге чыккан эл менен жолугушууда

© SputnikАксыдагы митингке чыккан элдер
Аксыдагы митингке чыккан элдер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы элдин суроолоруна жооп берип жатат.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Аксыдагы нааразычылык акциясына чыккан эл менен өкмөт башчы Темир Сариев жолугуп жатат. Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат кызматы билдирди. 

Президент Алмазбек Атамбаев ТИМ жетекчиси Эрлан Абдылдаевди кабыл алуу учурунда. - Sputnik Кыргызстан
ТИМ жетекчиси президентке чек ара коопсуздугун камсыздоо боюнча маалымат берди
Анда премьер-министр Темир Сариев чек ара маселси боюнча чогулган элдин суроолорун жооп берүүдө.

18-мартта Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы кыргыз-өзбек чек арасынын Чаласарт аймагына өзбекстандык аскерлер кыргыз-өзбек чек арасына эки зооттолгон транспортту жана КамАЗ үлгүсүндөгү эки автоунааны айдап келип, Кербен — Ала-Бука жолуна (чек аранын такталбаган участогу) блокпостторду орноткон. Андан сырткары бир жактуу негизде "Маданият" көзөмөл өткөрүү пунктун жапкан. Өзбекстан тарап бул кадамын Нооруз майрамынын алдындагы коопсуздук чаралары менен түшүндүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0