ИИМ Ошко 3 миң милициянын тартылышын түшүндүрдү

Жазылуу
Милиция кызматкерлери жайкы формага өтүп жаткандыктан, алардын кийим-кечеси текшерилгенин билдирди.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Ички иштер министрлиги Ош шаарына эмне себептен үч миңге чукул милиция кызматкеринин тартылышын түшүндүрдү.

Милиция кызматкеринин фуражкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Оппозициянын сүйлөшүүсү" тууралуу аудиону УКМК жана ИИМ текшерип жатат
Айрым маалымат каражаттарында милиция кызматкерлери жергиликтүү кеңеш шайлоосундагы коопсуздукту камсыздоо үчүн тартылганын жазып чыгышкан. 

ИИМдин тактоосуна ылайык, 22-мартта Ош гарнизонунда өздүк курамдын жайкы формага өтүп жатканына байланыштуу жана жергиликтүү кеңеш шайлоосун даярдоо жана өткөрүүгө арналган инструктаж болуп өткөн.

Муну менен бирге министрлик Ошко ИИМ кызматкерлери барбаганын, иш-чарага Кайгуул-посттук кызмат, ыкчам кызмат жана атайын даярдыктагы полктун аскерлери катышканын белгиледи.

"Инструктаж аяктагандан кийин бардык катышуучулар кызмат өтөө жерлерине кайтышты", — деп айтылат билдирүүдө.

Шайлоо учурунда Ош облусунун беш шайлоо участкасында жана Ош шаарында милиция кызматкерлери тартипке көзөмөл кылып турары кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0