Активисттер мамлекеттик көйгөйлөрдү "Мага баары бир эмес" форумунда талкуулашат

Жазылуу
Форумдун иши бир нече тематикалык секцияларга бөлүнөт.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Жарандык активисттер "Мага баары бир эмес-2016" аттуу форум өткөрө турганын Sputnik Кыргызстан агенттигине анын уюштуруучуларынын бири Эркингүл Убышева билдирди.

Иш-чара 29-мартта өтөт. Форум катышуучулары мамлекеттин көйгөйлөрүн чечүү жолдорун сунуштамакчы.

Убышеванын айтымында, активисттер жарандар менен парламентаризм маселелерин талкуулап, Кыргызстандагы саясий көйгөйлөргө талдоо жүргүзүшөт.

"Форумга ар бир каалоочу катыша алат. Иш-чара биринчи жолу өтүп жаткан жок, андыктан тийиштүү жыйынтыктарды чыгара алабыз деп ойлойм", — деди ал.

Форумдун алкагында "Өз өлкөсүнүн жараны" аттуу сынак жарыяланган.

Мында ар бир каалоочу электрондук вариантта Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн жасаган эмгегин жана жарандык позициясын баяндап берүүсү керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0