Көчкү жүргөн Алмалуу-Булак айылынын тургундарына көчүрүүгө буга чейин эле ссуда берилген

© Фото / пресс-служба МЧС КРОползень в селе Алмалу-Булак Сузакского района
Оползень в селе Алмалу-Булак Сузакского района - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
23-мартта Сузак районундагы Алмалуу-Булак айылында жер көчүп, беш электр мамычасы жер көчкү астында калып, 18 үй жарыксыз калган.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Алмалуу-Булак айылы кооптуу аймак болгондуктан жергиликтүү жашоочуларды көчүрүү боюнча 1994-жылдан 2015-жылга чейин 78 үй-бүлө мамлекет тарабынан ссудаларын жана жер тилкелерин алышкан. Бирок беш гана үй-бүлө көчкөн. 73 үй-бүлө бүгүнкү күнгө чейин көчпөй, мыйзамсыз жашап келе жатат. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Ошто таштанды жайында жашаган үй-бүлө көчүрүлдү
23-мартта Сузак районундагы Алмалуу-Булак айылында жер көчүп, беш электр мамычасы жер көчкү астында калып, 18 үй жарыксыз калган. Андан сырткары жер көчкү агып жаткан суунун нугун бууп калган. Эгерде суунун нугун ачуу чаралары көрүлбөсө, Алмалуу-Булак айылында 55 кожолукту суу каптоо коркунучу бар деп айтылат ӨКМ тараткан билдирүүдө.

Суу каптоо коркунучунун алдын алуу аракеттери көрүлүп, бир эксковатор, бир жүктөгүч тартылды. Электр энергиясын калыбына келтирүү иштери жер көчкү тазаланып бүткөндөн кийин жүргүзүлөт.

Министрликтин Жалал-Абад облустук башкармалыгы тарабынан жергиликтүү бийликтерге кооптуу аймакта жашап жаткан жарандарды көчүрүп чыгаруу кетүү боюнча жыл сайын атайын-эскертмелер берилип, жашоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0