Кыргызстан менен Өзбекстандын Чек ара кызматтарынын жетекчилери жолугууда

Жазылуу
Райимберди Дүйшөмбиев менен Рустам Эминжанов кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды талкуулайт.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Кызыл-Кыя" өткөрүү пунктунда Кыргызстан менен Өзбекстандын Чек ара кызматынын жетекчилери жолугуп жатканын аталган мекеме билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуу өзбек тараптын демилгеси менен болууда.

Иш-чарада Кыргызстандын Чек ара кызматынын төрагасы Райимберди Дүйшөмбиев менен Өзбекстандын Чек ара аскерлеринин командачысы Рустам Эминжанов кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды талкууламакчы.

Эскерте кетсек, 18-март күнү өзбек чек арачылары Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун Кербен — Ала-Бука автожолунун 20-чакырымындагы "Чаласарт" такталбаган аймагын алдын-ала билдирбестен жана макулдашпастан жаап, аскер техникаларын жайгаштырган. Мындан тышкары, "Маданият-автодорожный" өткөрүү пунктун жаап салган. Ал эми аталган жолдон өткөн кыргызстандыктардан чет элдик паспорт талап кылынганы айтылган.

Чек ара зымы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чек ара чыры ийне-жибине чейин же эмне үчүн өзбектердин БТРлери Ала-Букада турат
Жооп иретинде Кыргызстан да эки БТР менен 40ка чукул аскерлерин койгон. Ошол эле күнү Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын Кыргызстандагы элчисине чек араны ачуу талабы менен каршылык нотасын тапшырган.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында аскерлердин саны кыскартылып, эки өлкөдөн сегизден жоокер кайтарып калган. 

22-март күнү Кыргызстандын демилгеси менен ЖККУ кеңешке чогулуп, чек арадагы абал менен деринен таанышуу үчүн башкы катчынын орун басары Ара Бадалян Бишкекке жөнөтүлгөн. 

Эртеси Өзбекстандан жооп иретинде нота келип, анда Өзбекстанда жылына Нооруз майрамын майрамдоо учуруна коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу максатында мамлекеттик чек араны кайтарууну күчөтүү боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлөрү белгиленген. 

Кыргыз тарап такталбаган "Чаласарт" чек ара аймагына өзбек тарап тосмолорду коюуга, куралдуу күчтөрүн жана аскердик техникасын киргизүүгө укугу жок экенин дагы бир ирет кайталап, Өзбекстан менен конструктивдүү сүйлөшүүгө даяр экенин айткан. Тийиштүү нота ошол эле күнү жиберилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0