Шаардыктарды кандай аба ырайы күтөрүн Кыргызгидромет маалымдады

Жазылуу
Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Борбор калаада жаан жаабайт, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, күндүз аба ырайы 17 градус жылуу болот.

Ал эми өлкөнүн тоолуу аймактарында кар жаайт. Ашуу жолдорунда муз тоңуп, тайгалак болот. Андыктан айдоочуларга автоунаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо эскертилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0