Тажик-афган чек арасында жолчулар барымтага алынды

© Sputnik / Хушнуд Рахматуллаев / Медиабанкка өтүүТажик чек арачылары. Архив
Тажик чек арачылары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя болгон жерде атайын комиссия иштеп жатат. Тажик президенти мунун чоо-жайын иликтөөнү Чек ара кызматынын башчысына жүктөдү.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Тажикстандын Куляб — Хорог унаа жолунда Афганистан тараптан келгендердин кол салуусу катталып, жол салып жаткан жөнөкөй жумушчулар барымтага алынган. Бул туурасында аталган кызматтагы маалымат булагына таянып РИА Новости жазып чыкты.

Чатак чыккан аймакка өлкөнүн Чек ара кызматынын жетекчиси Ражабали Рахмонали жөнөп кеткен.

"Жума күнү аталган унаа жолунун Шогун — Зигар аймагында иштеп жаткан жолчуларга Афганистандан келе жаткан 6-7 адам кол салган. Алар жолчулардын бирөөнү жарадар кылып, экөөсүн барымтага алып кетишкен. Жабырлануучулардын баары Тажикстандын жарандары экени айтылууда", — деп билдирген маалымат кызматы. 

Өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети куралчан кол салуу болгонун тастыктады, бирок жабырлануучулар тууралуу эч кандай маалымат берген жок. 

"Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон окуянын чоо-жайын иликтөөчү комиссияны жетектөөнү Рахмоналиге жүктөдү", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, аталган комиссия окуя болгон жерде иш алып барууда, Тажикстандын Чек ара кызматы менен УКМКсы афган бийлиги менен тыгыз байланышта болууда.

Мындан тышкары, аталган тилкени көзөмөлдөө үчүн тажик бийлиги тарабынан МИ-8 үлгүсүндөгү эки тик учак тартылганы айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0