Кыргызстанга Германиянын ТИМ башчысы келет

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүГерманиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер. Архив
Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Франк-Вальтер Штайнмайер ЕККУнун учурдагы төрагасы болуп саналат.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргызстанга келе турганын КР ТИМи билдирди.

Германиялык министр Кыргызстанга Борбор Азия аймагына болгон иш сапарынын алкагында келет.

"Ал марттын аяк ченинде келет. Сапардын статусу менен мөөнөтү кечирээк белгилүү болот", — деп айтылат билдирүүдө.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча Штайнмайер Душанбеге 1-апрелде келери белгиленген. 

Германиянын ТИМ башчысы Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун учурдагы төрагасы болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0