КР аймагындагы чет элдиктер пайдаланып келген объектилерди мамлекетке өткөрүү улантылат

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Темир Сариев чек ара коопсуздугун сактоо жана бекемдөө боюнча өкмөттүн жыйынында.
Премьер-министр Темир Сариев чек ара коопсуздугун сактоо жана бекемдөө боюнча өкмөттүн жыйынында. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр маалыматтык коопсуздукту күчөтүү жана өлкөдөгү байланышты, интернеттин сапатын жогорулатуу максатында Аксы районундагы кошумча РРСти куруу боюнча ишти жүргүзүүнү тапшырды.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Кыргызстандын аймагындагы башка өлкөлөр пайдаланып келген объекттерди мамлекеттик менчикке өткөрүп алуу жана инвентаризациялоо ишин улантуу зарыл. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев чек ара коопсуздугун сактоо жана бекемдөө боюнча өкмөттүн жыйынында билдирди.

Маалыматка ылайык, анда Сариев кыргыз-өзбек чек арасындагы акыркы окуялар сүйлөшүү жолу менен чечилгенин жана мында тиешелүү мамлекеттик органдардын ырааттуу иши оң жыйынтык бергенин белгиледи.

Өкмөт башчы мындай окуялардын кайталанбашы үчүн тиешелүү жыйынтык чыгарып, бул жааттагы иштерди күчөтүү зарылдыгын билдирди. 

"Буга чейин өкмөт тарабынан кабыл алынган токтомдордун негизинде Кыргызстандын аймагындагы башка өлкөлөр пайдаланып келген объекттерди мамлекеттик менчикке өткөрүп алуу жана инвентаризациялоо ишин улантуу зарыл", — деди Сариев.

Ошондой эле премьер-министр маалыматтык коопсуздукту күчөтүү жана өлкөдөгү байланышты, интернеттин сапатын жогорулатуу максатында Аксы районундагы кошумча РРСти куруу боюнча ишти жүргүзүүнү тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0