Бишкекке арналган автобустар кыргыз-кытай чек арасынан өтүп жатат

© пресс-служба мэрии города БишкекАвтобус. Архив
Автобус. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек мэри буга чейин грант катары Бишкекке газ менен иштеген 10 автобустун келерин айткан.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Бишкек шаарына арналган автобустар кыргыз-кытай чек арасынан тийиштүү процедуралардан өтүп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине мэр Албек Ибраимов билдирди.

Буга чейинки интервьюсунда шаар башчысы Кытайдан гранттын негизинде 10 жаңы автобус 25-мартта Бишкекке алып келинерин белгилеген.

Ибраимовдун айтымында, аталган унаалар эки күндөн кийин шаарда болот. Автобустар Үрүмчүдөн келе жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0