Ысык-Көл аэропортундагы бомба тууралуу маалымат тастыкталган жок

© Sputnik / Табылды КадырбековТамчы айылындагы "Ысык-Көл" аэропорту. Архив
Тамчы айылындагы Ысык-Көл аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аэропортко бомба коюлганы тууралуу маалымат дүйшөмбү күнү эртең менен түшкөн.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" аэропортуна коюлган бомба тууралуу маалымат жалган болуп чыкты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Ага ылайык, бомба тууралуу кабар кечээ эртең менен айтылган. Ал жерге барган куткаруучулар менен укук коргоо органдарынын кызматкерлери барышкан. 

Иликтөөнүн натыйжасында бомба тууралуу маалымат тастыкталган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0