"Түндүкэлектр" ишканасынын Сокулуктагы бөлүм башчысына кылмыш иши козголду

Жазылуу
Бөлүм башчыга "Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгаруу же сарптоо" беренесинин негизинде айып коюлууда.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. "Түндүкэлектр" ишканасында ири суммадагы мамлекеттик мүлктү кызматкерлердин ыйгарып алуусу катталганын ИИМ билдирди.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Миллиондоп мыйзамсыз киреше тапкан эки ишкерге кылмыш иши козголду
Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда 2013-2014-жылдары Сокулук райондук электр станциясынын жооптуу кызматкери "Түндүкэлектр" ишканасынын бөлүм башчысы менен жең ичинен сүйлөшүп, 3,8 миллион сомдук товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз эсептен чыгарып салган.

Булар боюнча жасалма эсеп-фактуралар түзүлүп, ага аталган ишкананын жооптуу кызматкерлери кол коюп беришкен. Мындан улам мамлекетке 3,8 миллион сом зыян келтирилген.

Бул факт боюнча Сокулук районунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин "Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгаруу же сарптоо" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. 

Тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0