Бишкекте Түркия менен биргеликте оорукана курулат

© Sputnik / Табылды КадырбековСимвол медицины. Архивное фото
Символ медицины. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардык муниципалитеттен аталган оорукананы курууга 36 миллион сом бөлүндү.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Бишкек шаарында Түркия менен биргеликте оорукана куруларын шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди. 

Ага ылайык, бүгүн, 1-апрелде Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев жана ТИК түрк ишканасынын координатору Эврен Тутбил оорукананы куруу боюнча макулдашууга кол коюшту. 

Шаардык муниципалитеттен аталган оорукананы курууга 36 миллион сом бөлүндү. 

"Оорукана бир гана шаардыктарга эмес, бүтүндөй Кыргызстанга кызмат көрсөтөт", — деп айтылат маалыматта. 

Аталган оорукана акыркы үлгүдөгү жабдыктар менен жабдылып, гастроэнтерология, кардиология, жүрөк хирургиясы, жана гастроэнтерология багытында оорулууларды дарылайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0