Доллар дагы арзандады

Жазылуу
Жума күнү бир АКШ доллары 68,2 сомдон сатып алынып, 68,7 сомдон сатылган.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Борбор калаадагы акча алмаштыруу жайларында доллар арзандап жатат.

Жума күнү бир АКШ доллары 68.20 сомдон сатып алынып, 68.70 сомдон сатылган.

Тыйындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуттук банктын чечими биздин жашоого кандай таасир этет: эксперттердин пикири
Ал эми ишемби күнү доллар 67.77 сомдон сатып алынып, 68.22 сомдон сатылууда.

Улуттук банктын расмий курсуна ылайык, бир АКШ доллары 69,45 сомду түздү.

Жума күнү, 1-апрелде Улуттук банк 6 миллион 650 миң доллар сатып алды. Жыл башынан бери валюта рыногунан 86 миллион 420 миң доллар сатып алган. Ал эми 77,4 миллион долларды сатыкка чыгарган.

Улуттук банк валюталар курсун туруктуу кармап туруу үчүн интервенцияларды жасап келет.

Жыл башында бир АКШ доллары 76 сом болсо, учурда 69 сомго чейин төмөндөдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0