Эртең Бишкек шаарында жаан себелейт

Жазылуу
Маалыматка ылайык, күн 15 градуска чейин жылыйт.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Эртең борбор калаада күндүз жаан себелеп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, күн 15 градуска чейин жылыйт.

Ошондой эле, 5-апрелде жаап өткөн жаанга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда Бишкек – Ош, Каракол – Эңилчек жана Ала-Бука – Каныш-Кыя ашуу жолунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору болот. Андыктан айдоочуларга автоунаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо эскертилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0