"Ислам мамлекети" чечкиндүү кадам кылууга эми күчүн Афганистанга топтоп жатат

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүү"Ислам мамлекети" террордук уюмунун желеги. Архив
Ислам мамлекети террордук уюмунун желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ислам мамлекети" гүлдөп жатат, эми Афганистан террорчулардын экспансиясын арттыруу үчүн плацдарм катары каралууда, деди Россиянын ТИМи.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. "Ислам мамлекети" террордук уюму Афганистанды "экспансиясын жайылтуу үчүн плацдарм катары" колдонууну көздөп жатат. Россиянын Афганистандагы атайын өкүлү, ТИМдин Азия боюнча Экинчи департаментинин директору Замир Кабуловдун мындай пикирин РИА Новости "Известия" гезитине таянып билдирди.

"Ислам мамлекети" гүлдөп, өнүгүп жатат. Болгону тымызын иштерди жүргүзүп, чечкиндүү кадамга күчүн топтоодо. Учурда алардын согушкерлери талиптерге караганда алда канча аздык кылат. Бирок, алар күчүн афган аскерлери жана америкалыктар менен кагылышууга коротпойт. Алардын максаты – башка. Афганистан эми алар үчүн экспансиясын кеңири жайылтууга плацдарм катары керек",— деп айтты Кабулов. 

ЖМК: ИМ Түркиянын бала бакчаларына чабуул даярдап жатат - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: ИМ Түркиянын бала бакчаларына чабуул даярдап жатат
Дипломат "Ислам мамлекетинин" террорчулары талиптер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн кадамдарды жасабагандыгын, алардын согушуу ниети бардыгын айтты.

Акыркы айларда Афганистанда абал бир топ курчуп кетти. "Талибан" радикалдык кыймылы мурдатан өлкөнүн айыл жерлерин басып алган болсо, эми ири шаарларды өзүнө карата баштады. Сентябрдын аягында аталган топтун согушкерлери Кундуз шаарын басып алышкан эле. Өлкөнүн түндүгүндө жайгашкан бул калаада тынчтык мезгилинде 300 миң адам жашачу. 

Басылмалар "Талибан" радикалдык кыймылы былтыр июль айынын ортосунда "Ислам мамлекетине" Афганистандын ички иштерине кийлигишпөөсүн эскертип кат жазгандыгын билдирген. Буга чейин эки тараптын кагылышуусу да болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0