Доллар кымбаттап 70,2 сомго жетти

© Sputnik / Табылды КадырбековДоллар жана сом акчалары. Архив
Доллар жана сом акчалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир күндүн ичинде доллардын наркы эки сомго көтөрүлдү. Ал эми анын расмий курсу тескерисинче төмөндөп кеткен.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Американын валютасы сомго карата кымбаттай баштады. 

Базардагы сатуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сатуучу: доллар арзандаганы менен азык-түлүктүн баасы төмөндөбөйт
Кечээ, 5-апрель күнү акча алмаштыруучу жайлар аны 68 сомдон сатып алып, кайра 68,4 сомдон сатышкан. Бүгүн саат 13.10го карата доллар 69,9 сомдон сатып алынып, 70,2 сомдон сатылууда. Бир күндүн ичинде доллардын наркы эки сомго көтөрүлдү. 

Ал эми анын расмий курсу тескерисинче 13 тыйынга төмөндөп, 68,87 сомдун чегинде турат. 

Январда доллардын курсу 76 сомго чейин жетип, андан кийин арзандай баштаган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0