ИИМ: тартип бузган кайгуул милиционерлерин иштен кетирүүгө чейин чаралар көрүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол кайгуул кызматкерлери. Архив
Жол кайгуул кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы кызмат иштей баштагандан тарта бир нече кызматкер иштен кетирилди. Кайгуул милициясынын иши ИИМ башчысынын жеке көзөмөлүндө.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Кайгуул милициясынын кызматкерлерине коррупция же башка мыйзам бузуулар үчүн кескин чаралар көрүлүп, иштен кетирүүгө чейинки чечимдер кабыл алынат. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев коомдук кеңештин жыйынында билдирди.

Орун басар Интернет айдыңында жаңы кызмат тууралуу бир катар терс пикирлер жарыяланып кеткенин белгиледи.

"Жакында эле терс пикирге негиз берген кызматкерлер жумуштан бошотулду. Кайгуул милициясынын иши министрдин жеке көзөмөлүндө. Коррупция же башка бир тартип бузуулар катталса жумуштан кетирүүгө чейинки кескин чаралар көрүлөт", — деди Орозалиев.

Бишкек–Ыссык-Көль унаажолу. Архив - Sputnik Кыргызстан
КМББ: кийинки видеокамера Ысык-Көл трассасына орнотулат
Жол кайгуул кызматы менен Жол-посттук кызматы бириктирилип, 1-апрелден тарта Кайгуул милициясы ишке кирди. Учурда ал Бишкек шаары, Чүй жана Ысык-Көл облустарында иштеп жатат, 1-июндан тарта республиканын калган аймактарында иш алып бара баштайт.

Эскерте кетсек, кызмат түзүлгөн алгачкы күндөрдө эле жолдогу көрүнүшкө кайдыгер болгон милиционерлер боюнча жаңжал чыккан. Анда Ахунбаев көчөсү менен Манас проспектисинин кесилишинде жол кыймылын жөнгө салып турган жарандын жанынан Кайгуул милициясынын кызматкерлеринин өтүп бара жатканы видеого тартылып, Интернетке жарыяланып кеткен. Териштирүүнүн натыйжасында үч кызматкер жумуштан алынган.

Жаңы түзүлгөн кайгуул милициясы тууралуу толук маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0